Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:39

Бишкекте архитектура кызматкерлери кылмышка шектелүүдө


Бишкектин Октябрь райондук прокуратурасы борбор шаардын башкы архитектура мекемесинин жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Алар шаар куруу жана жер боюнча мыйзамдарды одоно бузуп, шаардагы бир нече жер тилкесин сатып жиберген деп шектелүүдө. Кылмыш иш “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Жер мыйзамын бузуу” беренелери боюнча козголду. Учурда тергөө уланып жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG