Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:06

Жалал-Абадда 21 үй-бүлө кооптуу жерден көчүүдөн баш тартууда


Жалал-Абадда 21 үй-бүлө кооптуу жайдан көчүүдөн баш тартууда. Облус борборунда жер көчкү жүрүшү ыктымал аймакта 26 үй-бүлө жашайт. Аларга шаардын Бахор кыштагынан турак-жай курууга жер бөлүнгөн. Беш үй-бүлө көчүп чыгууга макул болсо, калган 21и кетпей жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Ушундай эле кырдаал мурда Аксы районунда түзүлгөн. Ата-тегинин жайынан көчүүгө макул болбогон 39 үй-бүлөгө эгер табият кырсыгы күтүлгөн жерде олтура берсе, күч түзүмдөрүнүн көмөгү менен көчүрүлөрү эскертилген.
Аларга да турак-жай курууга жер жана кредит берилгенин ӨКМ кабарлоодо.

Жазгы жаан-чачын маалында өлкөнүн түштүк аймагындагы айрым айылдарда жер көчкү коркунучу күчөйт. (YA)

XS
SM
MD
LG