Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

“Манастын” акцияларынын канча пайызы сатыларын парламент чечет


Бул тууралуу өлкө президенти Алмазбек Атамбаев 27-мартта 5-каналга берген интервьюсунда билдирди. Ал “Манас” эл аралык аэропортунун тегерегиндеги талкууга токтолуп, жүк ташуучу хаб ачууга бир топ аракет жасалып жатканын белгиледи.

- “Роснефтке” 49 пайыз же 51 пайыз сатылабы, аны парламент чечет. Бирок мен бир нерсени айта алам. “Манас” аэропорту мындан кийин да иштеп, жакшылап өнүгүүсү үчүн, негизгиси, арзан керосин болушу керек. Эгер “Манаста” Алматы, Астана, Ташкен жана Дүйшөмбүгө салыштырмалуу арзан керосин болсо, келечекте ал атаандаштыкты да билбейт, ал абдан өнүгөт. Ал эми арзан керосинди бизге “Роснефть” гана бере алат. Биз муну түшүнүшүбүз керек. Азыр буга каршы чыгып, “Роснефтке” 51% бербеш керек дегендер “Манастын” келечегине балта чапкандар”, - деди Атамбаев.

“Манас” аба майданынын кеминде 51 пайыз акциясы орус ишканасына сатылышына жарандык активисттер каршы болуп келет. Алар бул кадам эгемендикти жоготууга алып баруучу өтө чоң жаңылыштык экенин белгилөөдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG