Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

Оторбаев “республикачылар” менен жолукту


Жоомарт Оторбаев бүгүн парламенттеги “Республика” фракциясынын депутаттары менен жолугуп, премьер-министрликке талапкер катары программасы тууралуу айтып берди. Андан сырткары коалициялык өкмөттүн алдыда пландап жаткан иш-чаралары менен тааныштырды.

Партиянын басма сөз кызматы билдиргендей, фракция лидери Назарали Арипов министрлер кабинетин толуктоо процессин жазгы талаа жумуштары башталганча бүтүрүү зарылдыгын суранды.

Жоомарт Оторбаевдин өкмөт башчылык кызматка талапкерлиги Жогорку Кеңештеги башкаруучу коалиция тарабынан сунушталууда.

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков жаңы өкмөт түзүү боюнча жараян бир жума ичинде бүтүшү керектигин бүгүн эскертти. (SE)

XS
SM
MD
LG