Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Москва НАТОнун Чыгыш Европадагы иштерине кызыкты


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украина менен чек ара аймагына жайгаштырылган орусиялык куралдуу күчтөр машыгууларды аяктап, туруктуу базаларына кайтып жатышканын билдирди. Бүгүн Москвада казак кесиптеши менен жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Лавров ошондой эле бир батальон Ростовго кайтарылганын кошумчалады. Калган бөлүктөр машыгууда берилген тапшырмаларын аткаргандан кийин өз базаларына жөнөмөкчү.

Орусия Федерациясынын ичинде аскерлер каалагандай орун которо алат жана муну “Батыштагы өнөктөштөрүбүз да жакшы түшүнөшөт” деген министр Москва НАТОго блоктун Чыгыш Европадагы иш-аракеттерине байланышкан бир катар суроо жолдогонун айтты.

- Биз жөн гана жооп күтпөстөн, алар ортодо макулдашылган эрежелерге ылайык берилет деп ишенебиз, - деди Москванын өкүлү.

XS
SM
MD
LG