Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

"Газпром": Украина 11 миллиард доллардан ашык карыз


Орусиянын "Газпром" компаниясы жакында Москва күчүнөн кетирген келишимдин чегинде Украина 11 миллиард 400 миллион долларды кайра төлөп бериши керек экендигин билдирүүдө. "Газпромду"н төрагасы Алексей Миллер билдиргендей, 2009-жылы кол коюлган Харьков келишими боюнча, Украина акыркы төрт жылда Орусиядан арзан газ алып келген. Миллердин ырастоосунда, газ Украинанын Севастополь портунда турган Орусиянын деңиз күчтөрүнүн ижарасы үчүн арзандатылган болчу. Эми Орусия бул портту бүт Крым менен кошо аннексиялап алгандан кийин, Украина арзан газ үчүн үнөмдөп калган акчаны "Газпром" кайра төлөтүп алгысы келет. Ушул аптада Орусия Украинага газдын баасын миң куб метрин 285 доллардан 485.5 долларга кымбаттаткан эле.

XS
SM
MD
LG