Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Орус "кара тизмесинде" бар-жогун 6 айда 17,2 миң киши тактады


Бул туурасында “Азаттыкка” Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин маалымат катчысы Аида Кадырова билдирди. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы кайрылган 17 миң 202 кишинин ичинен 18 пайызы өзүн "кара тизмеден" тапкан.

Жарандар "кара тизмеде" бар же жогун аныктоо үчүн министрликтин борбордук аппаратындагы коомдук кабылдамага жана облустук башкармалыктарга кайрылган. Орусияга кирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу маалыматты көп сурагандар Ош облусунун тургундары, эң аз кайрылгандар Нарындын тургундары болгон.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда 570 миңдин тегерегинде кыргызстандык жаран эмгектенип жүрөт. Бирок соңку кездери Орусия Борбор Азиядан келген мигранттар үчүн мыйзамдарды катаалдантып, мыйзам бузду деген мигранттар “кара тизмеге” киргизилип, Орусияга кирүүсүнө тыюу салынууда. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматында, "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны февраль айында 60 миңге чамалаган. (AzK)

XS
SM
MD
LG