Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясы Кыргызстанга өнөктөш макамын берүүнү карайт


Бүгүн Франциянын Страсбург шаарында атайын баяндамачы Андреас Гросс Кыргызстандагы парламентти өнүктүрүү жана жалпы саясий жагдай боюнча атайын доклад жасайт. Алдын ала жарыяланган маалыматтар боюнча Кыргызстан Парламенттер ассамблеясынын өнөктөш макамына талапкерге койгон талаптарга жооп берет деген тыянак айтылат. Кыргыз парламентине демократияга өнөктөш деген макам берүү өтүнүчү келтирилет. Ошол эле маалда баяндамада Кыргызстан демократиялык институттарды өнүктүрүүдө, мыйзам үстөмдүгүн жана адам укуктарын урматтоодо реформаларды алгалатуусу керектиги белгиленет.

Страсбург шаарындагы жыйынга катышып жаткан Жогорку Кеңештин вице-спикери Асия Сасыкбаева бир жылдан бери кыргызстандык парламентарийлер европалыктар менен тыгыз иштешип келгенин, парламенттер аралык уюмдун ишине катышуу Кыргызстан үчүн өтө маанилүү экендигин белгиледи.

Кыргызстан Парламенттер ассамблеясынын өнөктөш макамына Борбор Азия өлкөлөрүнөн биринчи талапкер болууда. 2011-жылдын 27-октябрында Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясына расмий арыз менен кайрылган. 2013-жылдын январында жана 2014-жылдын февралында Европадан эки жолу делегация келип, баяндама даярдаган.

Европа Кеңешинин Парламенттер ассамблеясы (Parliamentary Assembly of the Council of Europe - PACE) Европа Кеңешине кирген 18 өлкө мүчө болгон парламенттер аралык кеңешме орган. 1949-жылдын 5-майында парламенттер аралык кызматташтык үчүн түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG