Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:35

Азербайжанда мина жарылып, үч адам каза болду


Азербайжанда мина жарылуусунан армияда кызмат кылган эки жоокер, бир офицер набыт болду, алтоо жаракат алды. Азербайжандын Коргоо министрлиги мина Армения көзөмөлдөгөн регион менен чектеш жерде кечээ жарылганын кабарлады. Оор жараат алган эки киши ооруканага жаткырылганы айтылат. Бир нече күн мурун азери офицери менен бир тургун, расмий Бакунун айтымында, Армения тараптан аткан снайпердин огунан жаракат алышкан. Өткөн айда Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен Армениянын мамлекет башчысы Серж Саргсян Гаагадагы жолугушууда тынчтык сүйлөшүүлөрүн мындан ары улантууга убада беришкен болчу. Бул эки өлкө Азербайжандын негизинен армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак регионунун айынан көп жылдардан бери бири-бири менен өтө чыңалган мамиледе болуп келатышат. Эл аралык дипломатиялык аракеттерден да майнап боло элек.

XS
SM
MD
LG