Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Караколдо милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө


Аймактагы кабарчыбыздын билдиргени боюнча, бүгүн эртең менен милициянын атайын даярдыктагы тобунун кызматкерлери облустук мамлекеттик администрациянын алдына чогулушкан. Ушул тапта алар мамлекеттик администрация мекемесинин ичине киргизилишти. Азырынча аянтта чогулган эл байкалбайт. Облустук милиция митинг өткөрүү тууралуу эч кимден мааалымдама түшпөгөнүн билдирди. Шаарда кадимкидей эле жашоо өкүм сүрүүдө.

Улуттук оппозициялык кыймыл 10-апрелде Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта жана айрым облустарда митинг өткөрөрүн маалымдаган.

Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл ушул жылдын 26-февралында түзүлгөн. Кыймылдын башкы сабында депутат Равшан Жээнбеков, эки жолку ыңкылапчы Азимбек Бекназаров, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, “Улуттар биримдиги” партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов, саясатчылар Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Абдрахманов, Кубанычбек Кадыров бар экени айтылган. Бирок Мелис Мырзакматов бул кыймылга байланыштуу өз позициясын ушуга чейин билдире элек. (MK;ZKo)

XS
SM
MD
LG