Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:12

Милиция митингчилерге акча таратуу жөнүндө маалыматты текшерүүдө


Бишкек милициясы бүгүн өтүп жаткан оппозициянын уюштуруучулары адамдарды өзүнө тартуу үчүн акча таратканы тууралуу маалыматты текшерүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди:

- Ош жана Аламүдүн базарларынын тегерегинде жайгашкан жеке мейманканаларды текшерүүдө ал жакта бүгүнкү митингге 1,5 миң сом убадаланганы үчүн келгенин айткан жарандар аныкталды.

Бүгүн Бишкекте "Улуттук оппозициялык кыймыл" уюштурган митинг өтүүдө. Ага 2 миңдин тегерегинде киши катышып жатканын көз каранды эмес байкоочулар айтууда. Ал эми уюштуруучулар 4 миң киши чогулганын билдирди.

Оппозициялык уюмдун теңтөрагасы Камчыбек Ташиев бүгүнкү митингге адамдар акча үчүн эмес, бийликке талаптарын билдирүү үчүн чыкканын айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG