Триполиде Ливиянын мурдагы лидери Муаммар Каддафинин уулдарынын жана 30дан ашуун мурдагы өкмөттүк чиновниктин соту башталды. Алар Каддафинин режимине каршы 2011-жылы болгон элдик чыгуу кезде адамдарды өлтүрүп, согуш кылмышын жасаган, коррупцияга аралашкан деген жана башка көптөгөн жоболор боюнча күнөөлөнүүдө.
Каддафинин уулдары Саади жана Сайф ал-Ислам Триполинин “ал-Хадба” түрмөсүндө башталган соттук угууга алынып келинбеди. Башкы тергөөчүнүн маалымдашынча, Саадинин иши дале тергелип жаткандыктан ал сотко чакырылган эмес. Ал эми Ливиянын батышындагы түрмөдө отурган Сайф ал-Ислам сотко видеоконференция режиминде катышат.
Соттолуучулардын арасында Каддафинин өкмөтүндө Чалгындоо кызматын жетектеген Абдулла ас-Сенусси да бар.