Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Жалал-Абадда тепмеге чалдыккан балдар дарыгер көзөмөлүндө


Жалал-Абадда тепме (эпидемиологиялык паротит) оорусуна шектелген балдар дарыгерлер көзөмөлүндө. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык эпидемиологиялык станциянын баш дарыгери Үсөнкул Жоробаев билдирди. Анын айтымында, 12 бала айыкты, бир бала үй шартында, 6 окуучу шаардагы кыргыз-түрк лицейинде өзүнчө бөлмөдө дарыланууда.

Быйыл февраль айынан бери Жалал-Абад облусунда бул дартка 38 бала чалдыкканы кабарланган.

Тепме оорусу аба аркылуу жугат, шилекей бездери сезгенет. Кыргызстандын Эмдөө боюнча улуттук календарына ылайык, бул дартка каршы бала 1 жашка чыкканда эмделет. Талап боюнча 6га чыкканда дагы бир эмделиши керек. Бирок каражаттын жетишсиздигинен экинчи эмдөө соңку 2 жылдан бери жасалбай келатат. (YA)

XS
SM
MD
LG