Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:50

Бишкекте өзбек дипломатына карата кылмыш иш козголду


Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери боюнча кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Өзбекстандын Бишкектеги элчилигинде консул болуп иштеген Мехридин Хайриддинов былтыр 23-август түнү Бишкекте мас абалында элчиликтин автоунаасын айдап баратып “Жигули” үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Өзбек дипломаты “Жигулинин” айдоочусуна кол көтөргөн. Буга байланыштуу Бишкектин Биринчи Май райондук милициясы 31-мартта Хайриддиновго карата “бейбаштык” беренеси боюнча кылмыш иш козгоп, тергөө башталды.

Өзбек консулу кабылган окуяга байланыштуу былтыр Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигине нота жолдогон эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG