Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:00

Долон ашуусу он метр төмөндөйт


Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолун калыбына келтирүү долбоорунун алкагында Нарындагы Долон ашуусунун бийиктиги кеминде 10 метр ылдыйлайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Унаа жана байланыш министрлигинин өкүлү Кубанычбек Мамев билдирди. Анын айтымында, Бишкек - Нарын -Торугарт долбоору 2016-жылы бүткөрүлөт. Курулуш иштери 70 миллион долларлык сырткы гранттын эсебинен жүргүзүлүүдө.

Долон ашуусунун бийиктиги 3 миң метрден ашат. (UEz)

XS
SM
MD
LG