Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Габриэль Гарсиа Маркес дүйнө салды


Габриэль Гарсиа Маркес, 2009-жыл
Габриэль Гарсиа Маркес, 2009-жыл
Белгилүү жазуучу, Нобель сыйлыгынын ээси Габриэль Гарсиа Маркес дүйнө салды. Ал 17-апрель күнү Мехикодо, өз үйүндө, 87 жаш курагында көз жумду. “Жазуучу жан таслим эткен учурда дээрлик бардык жакындары анын жанында болду”, - деп жазат Associated Press.

Маркес 31-март күнү бейтапканага түшкөн. Бир апта мурун дарыгерлер аны үйгө чыгарышкан болчу.

Габриэль Гарсиа Маркес 1927-жылдын 6-мартында жарык дүйнөгө келген. Латын Америкасынын адабий айдыңындагы негизги фигуралардын бири. Элүүдөн ашуун роман жана повесттердин автору.

Анын “Жүз жыл жалгыздыкта” романы 35 тилге которулган. Жазуучуну акыркы сапарга узатуу зыйнаты 21-апрелде болот. (SE)

XS
SM
MD
LG