Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:50

ОшТВга жаңы директор дайындалды


ОшТВнын жаңы жетекчиси болуп, "Ата-Журт" фракциясынан депутат Акматбек Келдибековдун мурдагы жардамчысы Шайырбек Маматокторов дайындалды.

Бул тууралуу Маматокторов өзүнүн Фейсбук баракчасында жазды. Анда ал ОшТВдагы алгачкы иш күнүн ишембилик менен баштаганын маалымдаган.

Ушул жуманын башында ОшТВ москвалык ишкер Максим Кротовго сатылганы маалым болгон.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиакомпаниялардын бири. Аны 90-жылдары жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев түптөгөн. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан.

Июнь окуясынан соң ээси алмашып, кыргыз тилинде иштеп баштаган. SA)

XS
SM
MD
LG