Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Барактыктар үчүн Кара-Суу районунан жер бөлүнөт


Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат борборунан маалымдашты. Өкмөт Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Сары-Колот конушуна Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак экславынын жашоочулары үчүн үй курууга жер пландаштырып жатат. Келечектеги айылдын башкы планы даяр.

Аянты 4 чакырым чарчы Барак эксклавы Өзбекстандын аймагында орун алган. Анда 2 000ге жакын Кыргызстандын жарандары жашайт. Айылды Кыргызстандын аймагы менен эни бир жарым чакырым чек ара тилкеси бөлүп турат. (SA)

XS
SM
MD
LG