Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Ирактагы жардыруу 10 кишинин өмүрүн кыйды


Ирактын борбордук чөлкөмүндө жанкечтинин жардыруусунан 10 киши набыт кетти. Полиция жана тез жардам кызматкерлери бул маалыматты тастыктап, 35тей киши жарадар болгонун билдиришти.

20-апрелде болсо Багдад университетинде жанкечтинин кол салуусу кеминде 16 кишинин өмүрүн алып кеткен. Бул теракттар парламенттик шайлоого 10 чакты күндөй убакыт калган учурда болуп отурат.

30-апрель күнкү өнөктүк Ирактын коопсуздук күчтөрү үчүн сынак катары каралып келет. Бул - АКШнын аскерлери чегинген 2011-жылдан берки алгачкы шайлоо болмокчу.

 

XS
SM
MD
LG