Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:45

Путин Крым татарларын реабилитациялоо тууралуу документке кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин Крым татарларын жана Сталиндин учурунда репрессияланган элдерди реабилитациялоо тууралуу токтомго кол койду. Өкмөт мүчөлөрү менен бүгүнкү жолугушууда президент “Крымдагы татарларды, армян, немис, грек жана Сталиндик куугунтукоолордо азап чеккен бардык элдерди реабилитациялоо токтомуна кол койдум", - деди.

Интерфакстын маалыматына ылайык, ошол эле документте жарым аралдын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу айтылат.

Крым калкынын 12 процентиндейин түзгөн татарлардын көбү Орусияга кошулуу боюнча марттагы референдумду бойкоттошкон. Путиндин токтому Крымдын улуттук азчылыктарынын колдоосун табуу аракети катары каралууда.

XS
SM
MD
LG