Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Ошто кыргыз-кытай заводдорун жабуу талабы коюлууда


Оштун "Манас-Ата" кичи районунун тургундары ал жердеги арматура чыгаруучу кыргыз-кытай ишканасынан чыккан түтүн “саламаттыкты жана экологияны бузуп жатат” деп мэрияга кайрылуу жолдоду.

Алар заводдорду шаардын сыртына чыгарууну же жабууну талап кылып жатат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, заводдор негизинен кечинде иштейт. Аймакта жөтөлгөндөр көбөйө баштады.

Ишканада эмгектенгендер жашоочулардын айтканын негизсиз деп жатат. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, заводдо экологдор экспертиза жүргүзө баштады.

Мурдагы пахта заводунун ордуна арматура чыгаруучу эки ишкана курулган. Алар “Фум Ал” жана “Шун Ди Ли” деп аталат. Ош шаарында мындан сырткары кыргыз-кытай бириккен ишканаларынын саны онго чамалайт. (ErN).

XS
SM
MD
LG