Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Донецк: ЕККУ өкүлү сепаратисттер менен жолукту


Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлү Марк Этерингтон шейшембиде Донецк шаарында административдик имаратты ээлеп отурган орусиячыл сепаратисттердин лидери менен жолукканын Рейтер агенттиги билдирет. 90 мүнөткө созулган сүйлөшүүдө Донецк шаарынын мэри, шаардык милициянын башчысы жана сепаратисттердин өкүлдөрү өз позицияларын билдиришкен. Дипломат Этерингтон мындай диалогду улантууга жана зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырды. ЕККУнун өкүлү сүйлөшүүлөрдү «конструктивдүү» деп баалады.

XS
SM
MD
LG