Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Жемилевге Крымга кирүүгө тыюу салынды


Мустафа Жемилев.
Мустафа Жемилев.

Крым татарларынын лидери Мустафа Жемилев Крымга беш жылга чейин киргизилбей турган болду.

Мустафа Жемилевго Крым аймагына 2019-жылга дейре киргизилбей турганы жазылган кагаз кечээ, Украинанын чегине өтүп бара жаткан учурда тапшырылган.

"Эркин Европа/Азаттык” радосунун кабарчылары Мустафа Жемилев менен байланышканда, бул чечим Крым бийликтери тарабынан кабыл алынганын же Москвадан түшкөнүн билбей турганын айтты:

- Мен бул Крым бийликтеринин чечими же Москвадан берилген буйрук экенин азырынча так билбей турам. Ооба бир ай мурда Москвага Шаймиевдин (Татарстандын мурдагы президенти) жана Путиндин чакыруусу менен сүйлөшүүлөр үчүн баргам. Мына ушундан кийин Орусияга кирүүгө тыюу салып олтурушат. Орусия дегенде алар биздин Крымды да эске алып жатышат окшойт.

Жемилев Москвадагы сүйлөшүүлөрдө Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча референдумду татар жамаатынын колдоого алуусу боюнча сунушту четке каккан.
Андан кийин БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейформал жыйынында сүйлөп, Орусиянын Крымды аннексиялап алуусун кескин сындаган.

Жемилев Крымдын орусиячыл бийлиги жарым арал аннексиялангандан бери татарларды кодулоо өнөктүгү баштаганын да айтып чыккан эле. Жемилевдун ырастоосунда, Орусиянын паспортун алуудан баш тартканы үчүн Крым татарларынын көбү иш орундарынан айрылууда.

Аны Крымга киргизбөө тууралуу чечим мына ушул окуялардын фонунда чыгууда. Крым татарларынын Межлисинин лидерлери бул окуяны чагым жана татарлардын бекемдигин сыноо катары баалашты. Межлистин төрага орун басары Нариман Желял “Эркин Европа/Азаттык” радиосу менен маегинде:

- Менин жеке ишенимимде, Крым татарларынын лидери, украин парламентинин депутаты Мустафа Жемилевго өз мекенине келүүсүнө эч ким тыюу салган жок. Кол коюлбаган, мөөр басылбаган кагазды ага мыйзамсыз, куралдуу, жарым аскерий жана өздөрүн Крымдын коргонуу күчтөрү деп атагандар тапшырган. Орусия Федерациясынын, Крымдын бийликтери бул аймакта мыйзамсыз, эч кимге баш ийбеген куралдуу топтор жүргөнү боюнча чечим кабыл алышы керек. Бул топторду таратып, куралсыздандыруу зарыл. Межлис муну утур-утур айтып келет. Андыктан, менин жана Межлистин көз карашында, биздин лидерге Крымга келүүгө эч ким тыюу салган жок.

Мустафа Жемилев Крымга аннексия боло электентөрт күн мурда кайтып барган. Бирок чек арада Жемилевди жана Крым татарларынын Межлисинин төрагасы Рифат Чубаровду 40 мүнөткө жакын өткөрбөй кармашкан.

Жемилов келген кезде Симфереполдо, Межлиситин имаратына Украинанын желеги да илинген. Бирок орусиячыл күчтөр межлисчилердин каршылыгына карабай, желекти алмаштырышкан.

Межлистин маалыматына караганда, Крымдын мамлекеттик телесине жана анын татар редакциясына бул уюмдун лидерлерин эфирден чыгарбоо тапшырмасы да берилген.

Эки күн мурда орус президенти Путин сталиндик репрессиядан жапа чеккен Крым татарларын актоо жөнүндө жардыкка кол койгонун жарыялаган эле. Бирок орус президентинин бул чечими крым татарларын кубандырбаганы байкалат. Межлистин төрагасы Чубаров алар үчүн Путиндин жарлыгы ылайыксыз экенин айтууда.

Чубаров белгилегендей, орус президентинин жардыгында Крым татарларынын аймактык бирдигин –автономиясын калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес.

Крымда калктын 14% түзгөн 260 миңдей татардын басымдуу бөлүгү аймактын Орусияга кошулуусу боюнча референдумду бойкоттошкон.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG