Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Грузия Орусияда тыңчылык боюнча айыпталган үч жараны бошотулганын билдирди


Грузин жарандары 2008-жылы эки өлкөнүн ортосунда чыккан согуш мезгилинде камакка алынган. Грузиянын тышкы иштер министринин орун басары Давид Залкилиани 22-апрелдеги билдирүүсүндө грузин жарандары бошотулганын тастыктады.

Тыңчы деп 2010-жылы 11 жылга кесилген Заза Херкеладзе жакында, ал эми эки жаран ага чейин бошотулган болчу. Мындай чечимдер грузин жана орус бийлиги өз ара мамилени жөнгөрүү боюнча ушул айдын башында Прагада сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин кабыл алынды.

Грузия Орусия менен дипломатиялык мамилесин Абхазия жана Түштүк Осетиядагы жикчилдердин көз карандысыздыгын Москва тааныгандан кийин үзгөн. (AiT)

XS
SM
MD
LG