Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Ата-энеси милицияга кайрылган үч жашар кыз ооруканада


Бишкекте "зордуктоо болушу мүмкүн" деп милицияга кайрылган ата-эненин үч жашар кызы ооруканада жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Кечээ кыз беш сааттай дайынсыз жоголуп, кийин аны туугандарынын уулу жетелеп кеткени аныкталган. Кыздын ата-энеси, балким, ал зордукталганын айтып милицияга кайрылган. Бирок соттук-медициналык экспертиза зордуктоо болбогонун айткан. Кыз учурда №3 ооруканада доктурлардын текшерүүсүндө.

Соңку жылдары наристелерге сексуалдык зомбулук фактылары көп катталып жатканын укук коргоочулар айтууда. Өз атасынын, туугандарынын курмандыгы болгондор да бар.(RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG