Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:28

Бишкекте "Китепстан" фестивалы өтүүдө


Жалал-Абад шаарындагы китеп көргөзмө. 23.04.2014
Жалал-Абад шаарындагы китеп көргөзмө. 23.04.2014
Бүгүн Бишкекте "Китепстан" фестивалы өтүүдө. Курманжан датканын эстелиги алдында китептин маанисин, коомдун өнүгүүсүндөгү ролун даңазалаган театрлашкан иш-чара, көргөзмө уюштурулду.

Өкмөт өкүлдөрүнүн айтымында, быйыл Кыргызстанда китеп басып чыгарууга 3 миллион сом бөлүндү жана "Кыргызкитеп" деп аталган жаңы мамлекеттик басмакана ачылды.

Кыргызстан китеп басып чыгаруу жана сатуу жагынан дүйнөдө гана эмес, КМШ мамлекеттери арасында да акыркы орундарда. Бишкекте 1991-жылы 25 китеп саткан дүкөн болсо, бүгүнкү күндө беш-алтоо гана иштеп жатат. Басмаканалардын саны онго жетпейт. Мыкты сапаттагы, кеңири тематикадагы китептерди "Раритет" дүкөндөрүнөн гана тапса болот. Бирок алардын басымдуу бөлүгү орус тилинде чыккандар.

Бүгүн дүйнөдө Китеп күнү белгиленүүдө.

Бул күнгө карата көргөзмөлөр Ош, Жалал-Абад, Каракол шаарларында да уюштурулду. (RK/ATe/YA)

XS
SM
MD
LG