Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Пара алды деп шектелген эксперт кармалды


Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун кызматкери пара алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 24-апрелде бир жаран энесинин кайтыш болгону тууралуу маалымдама берүү үчүн соттук-медицияналык борбордун кызматкери андан 8 миң сом сурагынын билдирип арызданган. Борбордун эксперти 4,5 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши ачылды. Окуя иликтенип, тергелүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG