Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

"Ата-Журт": Жалал-Абад мэри кызматтан кетсин


Жалал-Абаддын Шаардык кеңешиндеги "Ата-Журт" фракциясы мэр Мухтар Арапбаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылган билдирүү таратты.

"Атажуртчулар" бул кадамын Арапбаев иштеген бир жарым жылда Жалал-Абадда социалдык-экономикалык жактан өзгөрүү жоктугуна, санитардык абалдын начардыгы, казыналык каражаттардын мыйзамсыз пайдаланышы жана шаар кеңешиндеги "Ак ниет" коалициясынын ыдырашы менен байланыштырууда.

Фракциянын өкүлү Мураталы Тагаевдин айтымында, билдирүүгө Шаардык кеңештеги "Ата-Журт" фракциясынын 8 мүчөсү кол койду.

Шаар мэри Мухтар Арапбаев болсо ак иштеген адамды каралай берүү өнөкөт болуп калганын, бул талап ошо 8 депутаттын жеке ою экенин, мэрге ишеним көрсөтпөө үчүн 21 депутаттын макулдугу керектигин билдирүүдө.

Жалал-Абаддын Шаардык кеңешинде 31 депутат бар, алардын 15и "Өнүгүү" партиясынан, КСДП жана "Ата-Журт" партияларынан 8ден депутат шайланган. КСДП менен "Ата-Журт" биригип түзгөн "Ак ниет" коалициясы өткөн айда ыдыраган. Андан бери башкаруучу коалиция түзүлө элек. (YA)

XS
SM
MD
LG