Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:18

Матвиенко: Санкциянын тилинде сүйлөшүүгө жол берилбейт


Евробиримдик Украинадагы кризиске байланыштуу 29-апрелде дагы 15 орусиялык чиновникке санкция жарыялады. Жаңы тизмеде Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын зардалы генерал Валерий Герасимов, Аскерий чалгындоо башкармалыгы - ГРУнун акими генерал-лейтенант Игорь Сергун, вице-премьер Дмитрий Козак, Крымдын жана Украинанын чыгышындагы Луганск, Донецк шаарларынын орусиячыл жикчилдери бар. Кечээ АКШ Москваны Украина боюнча саясатын өзгөртпөдү деп, президент Путиндин жакын чөйрөсүнө кирген жети чиновникке жана 17 компанияга санкция киргизген.

Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Батыштын санкциясына байланыштуу 29-апрелде Москвада билдирүү жасады: "Мен азыр биз каршы жооп берчү учур келди деп ойлойм. Анткени, биз эч кимге Орусия менен мындай тилде сүйлөшкөнгө жол бербешибиз керек".

Жапония да Москвага каршы санкцияны колдоп, орусиялык 29 жаранга виза берлбесин кулак какты кылды. Алар кимдер экени айтылбады, бирок жергиликтүү медиа булактар Жапонияга киргизилбегендер расмий адамдар экенин кабарлашты.

XS
SM
MD
LG