Май айынын соңунда Евразия экономикалык шериктештигинин саммити болуп, анда Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү боюнча чечимин жарыялайт. Ал эми “Жол картасы” толук макулдашылып бүттү. Бул маалымат 30-апрелде өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин Москвада орус өкмөтүнүн биринчи вице-премьер-министри Игорь Шувалов менен жолугушууда айтылганын өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Гүлнура Төралиева “Азаттыкка” билдирди. Жолугушууда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун баштоо боюнча маселе да талкууланган. (AiT)