Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Ошто адвокат милиция тарабынан сабалганын билдирди


Адвокат Динара Турдуматова аны милиция кызматкери сабаганын Оштогу кабарчыбызга билдирди. Анын айтымында, учурда мээси чайкалып, Ош шаардык ооруканада жатат. 1-майда кардарларынын чакыруусу менен Динара Турдуматова Ош шаардык милициясына келип, тергөөнүн жүрүшүн "Айфон" үлгүсүндөгү телефонуна тартып отурган. Тергөөчү телефонду тартып алып, жарыкты өчүрүп, адвокатты сабаган. Ош шаардык милициясы бул маалыматты тастыктай элек. (YI)

XS
SM
MD
LG