Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Жарандык коом Бажы биримдигине каршы чыгууда


Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу өлкө эгемендигине доо кетириши мүмкүн. Мындай пикирин бүгүн бир катар жарандык коом өкүлдөрү Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Алардын айтымында, "Бажы биримдиги авторитардык режимдердин союзу катары белгилүү жана анда чечим коомчулуктун пикири эске алынбай кабыл алынат". Ошондуктан Кыргызстан Бажы биримдигине кошулса, саясий жана экономикалык жактан Орусия сыяктуу ири мамлекеттерге көз каранды болуп, улуттук кызыкчылыктарга доо кетиши мүмкүндүгү айтылды.

Мындан улам “Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” кыймылы, “Реформа”, “Демократиялык альянс” партиялары биргелешип 5-майда “Эркин Кыргызстан Бажы биримдигине каршы” аттуу акцияны уюштурганы жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG