Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен Астанада жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгынын орчундуу маселелери тууралуу сүйлөштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө энергетика, өнөр жай, транспорт жана чек ара кызматташтыгы боюнча сөз болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат катчысы Гүлнура Торалиева билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүдө өзгөчө көңүл Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү даярдыгына бурулуп, бул жараянды тездетүү керектиги айтылды.
Торалиеванын маалыматына таянсак, Жоомарт Оторбаев Карим Масимовго Казакстандын “Луговое” темир жол бекетинде 18-апрелден бери кармалып турган Кыргызстандын 240 вагондогу күйүүчү майы тууралуу да кабарлап, өз кезегинде Масимов маселе тез арада чечилерин убада кылган.
Оторбаевдин Казакстанга болгон эки күндүк алгачкы иш сапары бүгүн башталды. Ал Масимов менен жолукканга чейин Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри Давлатали Саидов, Бүткүл дүйнөлүк банк, Жапониянын эл аралык өнүгүү агенттигинин (JIKA), Азия өнүктүрүү банкынын жетекчилери менен да жолукту. (UeZ)