Бул тууралуу Eurovision ыр сынагынын аткаруучу супервайзери Йон Ула Санн билдирди. Ал бул чечимди жарым аралда Украинанын байланыш операторлору иштеп жатканы менен түшүндүрдү.
6-майда Даниянын борбору Копенгаген шаарында Eurovision-2014 сынагынын биринчи жарым финалы өтөт. Жарым финалдын экинчи бөлүгү 8-майда болот. Андан тандап алынган 16 мамлекеттин ырчысы 10-майда финалда беттешет.
Букмекерлердин таблосундагы акыркы көрсөткүчтөр украиналык Мария Яремчукту алдыңкы бешилтикке көтөрүштү. Мурдараак аны 10-орунга көрсөтүп жатышкан эле. Адистер бул чукул өзгөрүү Украинадагы акыркы толкундоолорго байланыштуу деп сыпатташууда. Букмекерлер 1-орунга армениялык Арам Саркисянды коюшту.
Быйыл эл аралык конкурста 37 мамлекеттин ырчылары ат салышып жатат. 12 мамлекет катышуудан баш тарткан. (SA)