Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:50

Жеңиш майрамы жер-жерлерде белгиленүүдө


Бүгүн Бишкекте 9-май Жеңиш майрамын утурлай митинг-реквием болуп өттү. Шаардагы “Бир туугандар көрүстөнүндө” өткөн эскерүү иш-чарасына шаар мэри Кубанычбек Кулматов баш болгон жетекчилер, Кыргызстандагы Орусия, Беларус, Украина жана Казакстан элчиликтеринин өкүлдөрү жана Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышты.

Согуш ардагерлерине Биринчи Май райондук администрациясы миң сомдон, ал эми тылда эмгектенгендерге 500 сомдон акчалай сыйлык берди. Аягында ардагерлер үчүн “жоокердик тамак” уюштурулганын Бишкек шаар мэриясы кабарлады.

Ошондой эле бүгүн Бишкек шаар кеңеши борбор калаадагы 459 ардагерге ун, кумшекер, май жана башка тамак-аш таратып, согуштун бир ардагерине түстүү телевизор тартуулады. (ZKo)

XS
SM
MD
LG