Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:56

Өлкө жетекчилеринин жылдык кирешеси жарыяланды


Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз борбору билдиргендей, президент Алмазбек Атамбаев 2013-жыл боюнча декларациясында кирешеси 960 744 сом болгонун билдирди. Атамбаев 2007-жылкы “Тойота Ланд Крузер” унаасы, 64 миң чарчы метр көп жылдык өсүмдүк эгилген жер тилкеси бар экенин жана “Форум” ишканасынын негиздөөчүсү экенин көрсөткөн. Ал эми жубайы негизги жумуш ордунан былтыр 87 546 сом иштеп тапкан. Муну менен катар Раиса Атамбаева баалуу кагаздардан дивиденд түрүндө 120 миң доллар жана 145 миң сом киреше тапкан. Ошондой эле президенттин жубайы эки квартира жана бир гаражга ээлик кылары көрсөтүлгөн.

Ал эми өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашкан.

Парламент төрагасы Асылбек Жээнбековдун 2013-жылдагы кирешеси 2 миллион 558 миң сом деп эсептелди. Анын ичинен 1 миллион 18 миң сому төраганын айлыгы болсо, 1 миллион 540 миң сомдон ашык каражат мал чарбачылыгы жана балчылык менен алектенген ишкерликтен түшкөн. (BkA)

XS
SM
MD
LG