Бүгүн Бишкек шаардык сотунун алдында Нарын районунун Жерге-Тал айылынын 20га жакын тургуну нааразылык акциясын өткөрүп жатат. Алар айылдагы Кум-Бел алтын кенин орусиялык “Рокизол” компаниясы иштетишине каршы чыгууда.
Акциянын уюштуруучуларынын бири Ниязбек Куланбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаганы үчүн “Рокизолдун” лизенциясын алып койгон. Буга нааразы болгон орусиялык компания сотко кайрылып, Бишкектин район аралык соту алардын пайдасына чечкен. Бирок шаардык сот ал чечимди кайра жокко чыгарган.
“Рокизол” Жогорку Сотко арызданып, иш кайра шаардык сотко өткөн. Мындан улам жергеталдыктар Жогорку Сотту “Рокизолдун” арызын канааттандырбоону талап кылууда. (BkA)