Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Сириядагы жаңжалда өлгөндөрдүн саны 162 миңден ашты


Сириядагы үч жылдан берки согушта апаат болгон адамдардын саны 162 миңден ашып кеткенин башкеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюм 19-майда билдирди. Маалыматка караганда, калабада 54 миң жаран, куралдуу оппозициянын 43 миң мүчөсү жана президент Асадга ишенимдүү 61 миң аскер, ошондой эле 3 миңге жакын тек жайы такталбаган адам өлгөн.

БУУ Сириядагы жарандык согушта өлгөндөр жөнүндөгү маалыматты тастыктоо мүмкүн болбой калды деп, июлдан бери адамдар арасында чыгымды эсептөөнү токтотуп койгон. 2013-жылдын июлуна карай, Улуттар уюмунун эсеби 100 миңге жеткен болчу.

Сириядагы жаңжалдын кесепетинен 2011-жылдын март айынан бери өлкөдөгү 22 млн. элдин теңине жакыны там жайын таштап, бозгун болуп жүрөт. Куралдуу тирешүүлөр тынч демонстрацияны Сирия өкмөтү күч менен баскандан кийин башталган.

XS
SM
MD
LG