Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Бурул Макенбаева билдирди. Анын айтымында, акцияны Бажы биримдигине кирүү маселеси боюнча парламенттик угуунун алдында өткөрүү пландалган. Бирок акциянын координатору Алмаз Тажыбайды Биринчи май райондук милициясы кармап кеткенине байланыштуу үзгүлтүккө учурады.
Бишкек шаардык милициясынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов Алмаз Тажыбайдын кармалганын тастыктап, ал Жогорку Кеңештин имаратынын алдына акция өткөрүү боюнча мэрияга жана милицияга маалыматты кеч бергенин кошумчалады. Милиция жарандык активисттин кармалышын ал бүгүн эртең менен мамлекет жетекчилеринин кортежинин өтүшүнө тоскоолдук кылганына жана кармалган учурда жанында ким экенин тастыктоочу документи болбогонуна негиздөөдө. (BkA)