Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Бишкек шаардык кеңеши мэрдин отчетун кабыл алды


Шаардык кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар мэр Кубанычбек Кулматовдун калаа башчылыгына келгенден берки жүз күндүк иши боюнча отчетун "эске алынсын" деген токтом менен кабыл алды. Бирок айтылган сын-пикирлер жоюлушу керектиги эскертилди.

Жыйында Кулматов Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана мэрдин аткарган иштери тууралуу маалымат берди. Андан сырткары, буга чейин шаардык кеңеш кабыл алган токтомдордун жана тапшырмалардын аткарылышы да талкууланды.

Өткөн аптада шаардык кеңештин төрагаcы Марат Аманкулов Кулматовдун ишине нааразылар көп экенин айтып, борборду өнүктүрүү боюнча планды 1-июнга чейин кайра иштеп чыгууну тапшырган. Бул мөөнөттө иш аткарылбаса, мэрге ишеним көрсөтпөө демилгеси көтөрөрүлөрү эскертилген. (SE/UEz)

XS
SM
MD
LG