Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:48

Казакстанда кармалган мунай маселеси чечиле элек


Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов бүгүн “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, Казакстандын “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турган 448 вагон күйүүчү май маселесинде жылыш жок болуп жатат. Өткөн аптада экономика министри Темир Сариев Астанага барып, тиешелүү жетекчилер менен жолугушууларды өткөрдү. Бирок маселе чечилбей жатат.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 448 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстандын бажысы 26 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө менен кармоодо. (BkA)

XS
SM
MD
LG