Бишкектеги Улуттук китепканада Кытайдагы кыргыз манасчысы Жусуп Мамайдын чыгармачылыгына арналган көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, көргөзмө манасчынын 90 жылдыгына карата ачылууда. Көргөзмөдө Мамайдын эмгектери жана “Манас” эпосу тууралуу материалдар коюлган.
Кыргызстандын Эл артисти, биринчи даражадагы «Манас» орденинин ээси Жусуп Мамай Кытайдын Кызыл-Суу аймагындагы Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда туулган. Быйыл манасчынын 90 жылдыгы Кыргызстанда белгиленүүдө. (BkA)