Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Алайда жол тосуу менен коштолгон митинг уланууда


Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери үч күндөн бери тосуп турган Ош – Эркеч-Там жолу ачыла элек. Жолдун Сопу-Коргон айылынын тушунан буулган жеринде төрт боз үй тигилип, таштар төгүлгөн. Депутаттын тарапкерлери аны ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарууну талап кылышууда.

Акматбек Келдибековду коргоо комитетинин лидери Керим Сарыбашевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча учурда жол буулган жерде митинг өтүп жатат, ага миңге чамалуу киши катышууда. Анын айтуусунда Ош – Эркеч-Там жолунан жүргүнчү ташыган жеңил автоунаа тоскоолсуз өтүүдө, ал эми жүк ташуучу унаага өтүүгө уруксат жок.

Азырынча жол тоскондор менен Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашевден башка бийлик өкүлдөрү жолугуп, сүйлөшө элек. Райондун акими алгач жол тосулган күнү жана кечээ жол буугандар менен жолугуп, Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү соттордун колундагы гана иш экенин айтып, түшүндүрүү аракетинен майнап чыккан эмес.

Ош облустук ИИБнын маалыматы боюнча жолдун буулушуна нааразы болгон айдоочулардан даттануу түшүүдө, алар көбүнчө Кытай менен Тажикстанга жүк ташыган унаалардын айдоочулары. Учурда милиция кырдаалга жеринен көз салып турат. Жергиликтүүлөрдүн маалыматы боюнча милициянын атайын отряды Алай районунун борбору Гүлчөгө жайгашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG