Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:57

Орус миграция кызматынын башчысы Бишкекке келет


Бүгүн Бишкекке Орусиянын Федералдык миграция кызматынын башчысы Константин Ромодановский эки күндүк иш сапарга келет. Ал президент, парламент жана өкмөт башчылары менен жолугуп, Орусиядагы кыргыз эмгек мигранттары боюнча сүйлөшүү жүргүзөт.

Эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары Доскул Бекмурзаевдин "Азаттыкка" айтымында, учурда орус миграция мыйзамдарын бузганы үчүн "кара тизмеге" негизсиз кирип калган кыргызстандыктарды андан чыгаруу аракети көрүлүүдө. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында 12-майдан бери өткөрүлүп жаткан мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдү кармоо операциясынын жыйынтыгы эртең, 30-майда чыгарылат.

Бейрасмий маалыматтар боюнча бүгүнкү күндө Орусияда миллионго жакык кыргызстандык иштейт. Алардын көбүнүн документи туура эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG