Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:06

Орусияда тамеки тартууга тыюу салынат


Орусияда ресторан, барда тамеки тартууга 1-июндан тартып тыюу салынат. Бүгүн өлкөдөгү 44 миллион тамеки тарткан киши ресторан, бар жана поездде тамекини акыркы жолу тарта алышат.

Сергек жашоону колдоо чараларынын бири катары эртеңден баштап, тамеки күркөлөрдө да сатылбай калат. Ресторан, барлардын ээлери бул чарага каршы. Мындай жайлардын 82 пайызы соодадан киреше азаярын айтышкан. Орусияда мыйзамдуу тамеки тартууга боло турган бүгүнкү күн Дүйнөлүк тамекисиз күнгө туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG