Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Өзбекстанда укук коргоочу түрмөдөн чыгарылды


Өзбекстандык адам укугун коргоочу жаза мөөнөтү бүтөөрүнө алты ай калганда түрмөдөн чыгарылды. Ташкендеги “Изгилик” укук коргоо борборунун мүчөсү Абдурасул Худойназаров 1-июнда “Азаттыкка” телефондон билдиргендей, ал 30-майда мунапыс менен түрмөдөн бошотулду.

58 жаштагы активист Ташкен регионундагы Ангрен шаарында чиновниктердин коррупциялык иштерин иликтөөгө активдүү катышканы менен белгилүү. Ал 2005-жылы июнда кармалып, 2006-жылдын январында Ташкен регионалдык соту тарабынан “акча талап кылган, жасалма документ көтөргөн” деп табылгандан кийин 9,5 жылга түрмөгө кесилген. Түрмөдө ал кургак учук менен ооруганы белгилүү. Жергиликтүү жана эл аралык адам укугун коргоочу уюмдар аны саясий себептер менен камалган деп билишет.

XS
SM
MD
LG