Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Ошто көпүрө куруу үчүн ташталган зер буюмдар табылды


Көпүрө үчүн марафон. Ош, 14-ноябрь, 2013
Көпүрө үчүн марафон. Ош, 14-ноябрь, 2013
Былтыр ноябрда Ош шаарынын жаштары тарабынан топтолгон зер буюмдардын дайыны чыкпай жатышы шаардын азыркы жетекчилиги менен мурунку жаштар комитетинин талашына себеп болуп келген эле. Бүгүн Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы ошол зер буюмдар салынган конвертти ачтырып, чогулган зер буюмдардын бар экенин аныкташты. Комиссиянын күбөлүгү астында Ош шаарынын мурунку жаштар комитети уюштурган марафондо 4 860 сом накталай акча, 6 даана күмүш түстөгү, 1 даана алтын түстөгү чынжыр, 4 даана күмүш түстөгү билерик, 11 даана күмүш түстөгү шакек, 4 даана алтын түстөгү нике шакектери, 5 жуп ак түстөгү сөйкөлөр бар экени аныкталды. Бирок ал буюмдардын анык баасы, анын мындан аркы тагдыры чечилбеген бойдон калды.

Мурунку жаштар комитети да өзү чогулткан зер буюмдарды Ош шаардык жол курулуш башкармалыгына өткөрүп бере элек экен. Ал эми көпүрө курулушуна жаштар уюлдук телефондорун да таштаган деген сөздөрдү акцияны уюштуруучулар четке кагышты.

Буга чейин Ош шаардык мэриясы көпүрөө курулушуна шаар жаштары массалык түрдө ар кандай салым кошконун, жалпысынан эл тарабынан 2 миллион сомдон ашык акча чогулганын жарыялаган эле. (YI)

XS
SM
MD
LG