Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Өзбекстанда үч миңден ашык айыпкер бошотулду


Өзбекстан -- Бухарадагы түрмөлөрдүн бири.
Өзбекстан -- Бухарадагы түрмөлөрдүн бири.
Баш прокуратура билдиргендей, 70 миң кишиге берилген мунапыстын чегинде 3200дөн ашык айыпкер эркиндик алды. Мунапыс жыл сайын декабрда Өзбекстандын 1992-жылы кабыл алынган конституциясынын урматына жарыяланат. Адамдар адатта бир нече айдын ичинде бошотулат.

Өзбекстан түрмөлөрүндө канча киши бар экендигин эч качан ачыкка чыгарган эмес. Өткөн жылы эл аралык Кызыл Чырым уюму иш эрежелерин сактоо мүмкүн болбой калды деген негизде өзбек түрмөлөрүн кыдырууну токтотуп койгон эле.

XS
SM
MD
LG