Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Осмонов Салык кызматынын жетекчилигине бекитилди


Замирбек Осмонов Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилигине бекитилди. Мындай жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Буга чейин Салык кызматынын статс-катчысы болуп иштеп келген Осмонов быйыл 8-апрелде мурдагы жетекчи Исхак Масалиев иштен алынган соң төраганын милдетин аткарып жаткан.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев буга чейин Салык кызматы быйылкы жылдын биринчи кварталында салык чогултууну 89 гана пайыз камсыздап, бюджетке 1 124,4 млн. сом түшпөй калганын айткан. Мындан улам Осмоновго кызматтын ишин оңдоо тапшырмасы берилди.(BkA)

XS
SM
MD
LG