Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Жол буугандар чүмбөтчөн чыгууга аргасыз болгонун айтууда


Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014.
Алайдагы жол тосуу, 2-июнь, 2014.
Камактагы депутат Акматбек Келдибековдун карындашы Чынара Белекбаева 3-июнда милиция кызматкерлери менен чатакташкан чүмбөтчөн атчандар нааразылык акциясынын катышуучулары болгонун "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, алар жакындарына бийлик өкүлдөрү кысым көрсөткөндүктөн коопсуздугун сактоо үчүн беттерин кара чүмбөт менен жабууга аргасыз болгон.

Бирок Белекбаева чүмбөтчөндөр милицияга кол көтөргөнүн четке кагууда.

- Милиция кызматкерлерине эч ким кол көтөргөн эмес. Алар канча күндөн бери биз менен чогуу жүрүп, болгон кыймыл-аракетти сүрөткө, тасмага тартышты. А түгүл акцияга башка аймактан келген коноктордун тизмесин алып, фамилияларын жаза баштаганда аларды кеткиле дешкен. Бирок буга көнбөй коюшкандыктан ат менен кубалап коюшту.

Чынара Белекбаева агасынын таламын талашып чыккан тургундарды жаманатты кылуу үчүн райондук бийлик өкүлдөрү жергиликтүү элдин атынан "жол буулушунан кыйналып жатабыз" деген жалган кайрылууларды парламент, өкмөткө жолдоп жатканын да кошумчалады.

3-июнда Сопу-Коргон айылынын тушунан Ош - Эркеч-Там жолун бууп турган камактагы депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери алар менен сүйлөшүүгө келген райондук милициянын башчысын жана тартип кызматкерлерин кубалап жиберишкен. Андан бир милиция кызматкери жаракат алып, ооруканага түшкөнүн Ош облустук милициясынан кабарлашты.(BkA)

XS
SM
MD
LG